www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алмаматов 12,5 жылга кесилди

Автотранспортту каттоо жана айдоочулук кубөлүк берүү департаментинин Бишкек шаардык бөлүмүнүн мурдагы башчысы Насирбек Алмаматов 12,5 жылга соттолду. Мындай чечимди Октябрь райондук соту чыгарган. Эми Алмаматовдун апелляциялык арызын Бишкек шаардык соту 14-майда карайт. Белгилей кетсек, Алмаматов 2018-жылдын 2-ноябрында кармалган. Ал айдоочулук күбөлүк берүү маселесинде коррупциялык схема түзүп, адамдардан ийгиликтүү акча чогултуп келген деп айыпталган.

Мындан тышкары, бул адам белгисиз адамдар тарабынан өлтүрүлгөн 19 жаштагы Камила Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча башкы күбө катары да көрсөтмө берип келген. Маалым болгондой Камиланын өлүмүнө Аида Салянованын байкеси Калыбек Салянов күнөөлөнүп келет. Алмаматов Салянов менен Дүйшөбаева эс алды деген саунанын кожоюну болуп эсептелет. Ал Салянов өзүнөн саунада тасмага тартылгандарды өчүрүүнү сураганын айтып берген.

Булак: "Багыт.kg"

 

Последние новости