www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экс-мэр Албек Ибраимов эч кандай көрсөтмө бербей, тергөө менен иштешпей жатат. Бул тууралуу анын жактоочусу Сергей Слесарев билдирди.

Анын сөзүндө Албек Ибраимов күбө болуп чакырылган маалда ал кайда болгонун айтып берген, эми айыпкер катары эч нерсе айтпайт. Жактоочунун оюнда "Дастан" ишканасы боюнча анын күнөөсүн тергөө далилдей албай жатат.

"УКМК өзүнүн ишин так алып барбай жатат. Анткени 28 ноябрда тергөө материалдары сотко өткөрүлүп берилиши керек эле эмнегедир кечигип жатат. Бул Албек Ибраимовго эле тийиштүү эмес. Кубанычбек Кулматовдун да материалдары өз убактысынан кечигип жатат"- дейт Слесарев. 

Эске сала кетсек, Албек Ибраимов ""Дастан” ишканасынын жетекчиси болуп турганда "270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган, Ысык-Көлдөгү “Күнөстүү жээк” пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген жана Бишкектин түштүк четинде беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар" деп шек саналып жатат.

Албек Ибраимовду УКМКнын тергөөчүсү бир нече жолу суракка чакырганда барган эмес. Анан жашыруун аудио тасмада аныкына окшош үн ачык эле "булар менен атышууга чейин барам" деп жатат. Ошондуктан Ибраимовду күч менен кармоо операциясын жүргүзүүгө бардык негиздер болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости