www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Аламүдүндө 111 млн сомдук бала бакча 1 га жер тилкеси менен мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында Аламүдүн районундагы "Золотой колосок" бала бакчасынын имараты жана 1 га жери муниципалдык баланска коюлбай, жеке тараптар тарабынан мыйзамсыз пайдаланылып келгендиги аныкталган.
Прокурордук чара көрүү актысынын алкагында наркы 111 млн 93 миң сомго бааланган бала бакчанын имараты жана жер тилкеси мыйзамдын талаптарына ылайык, мамлекеттин менчигине кайтарылды.