www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президенттин атын жамынган алдамчылардан сак болуңуз. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Анын айтымында, социалдык тармактарда айрым алдамчылардын жаңы схемасы таралууда.
“Алар президент Садыр Жапаровдун сүрөтүн колдонуп, азыноолак кошумча менен карыз берүүнү сунуштап, бул ишти мамлекеттик долбоор катары көрсөтүп жаткан учурлар катталды.
Андыктан айрыкча акча каражаттарына байланышкан маалыматтарды расмий органдардан тактап алууга чакырабыз.
Бул кезектеги көз боемочулардын схемасы.
Алдамчылардын торуна илинип калбаңыздар!”,-деген ал.