www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Вьетнамдын Да Нанг шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча (U-17 жана U-23) Азия чемпионатында Нурболот Бердикулов грек-рим күрөшү боюнча күмүш медалга ээ болду.
Ири мелдеш Да Нанг шаарында өтүп жатат.
Чемпионатта Азия өлкөлөрүнүн жаш балбандары күч сынашууда.
Бердикулов 55 кг чейинки салмак категориясында таймашып, мелдешти алгачкы айлампада Өзбекстандын өкүлү Хожиакбар Кучкаровго 1:11 эсебинде утулуп баштаган. Андан соң Иорданиялык Ахмад Махмудду 3:1 эсебинде жеңип, жарым финалга чыккан.
Жарым финалда Индиялык Нираж Пателди 3:1 эсебинде ишенимдүү жеңип, финалга жолдомо алган. Ал эми чечүүчү беттеште кайрадан Өзбекстандык Хожиакбар Кучкаровго 1:7 эсебинде утулуп, күмүш медалга ээ болду.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча U-23 курама командасы Азия чемпионатында командалык эсепте 3-орунду камсыздады.
Бул жыйынтык Кыргызстандык жаш балбандардын эл аралык деңгээлдеги жетишкендиги катары бааланууда.