www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайын жана мелиорация министрлигинин бюджети 2 млрд 700 млн сом, анда 6 миӊден ашуун адам иштейт, борбордук аппаратынан тышкары, өлкө аймагынын баарында бөлүмдөрү бар, алар үчүн баардык шарттар түзүлгөн. Ошого карабастан, алар өз алдынча жарытылуу жумуш жасабай эле, Статистика комитетинин бир бөлүмүнүн милдетин гана аткарып, аш-тойлордон колдору бошобой калды. Бул тууралуу депутат Акылбек Жамангулов Жогорку Кеӊеш жыйынында жазгы талаа жумуштарын өткөрүүгө карата даярдыктардын жүрүшү жөнүндө маалымат угулуп жатканда  билдирди.

Депутат өкмөт жетекчилигине: “Азыр айыл чарба министрлигине караштуу мекемелердин кызматкерлери айыл чарба тармагында түзүлгөн абал менен жеринен барып таанышуунун, айрым көйгөйлүү маселелер боюнча жергиликтүү бийлик органдары менен биргелешип чечим кабыл алуунун ордуна, тедефон аркылуу маалымат топтоп, Өкмөткө жөнөтүү менен алектенүүдө. Мындай министрликтин бизге кандай зарылчылыгы бар?”, - деген собол таштады деп билдирет Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы.

Премьер-министр Сапар Исаков ушу тапта Өкмөт түзүмүндө өзгөрүүлөр болуп жатканын, айыл чарба тармагын реформалоо жүрүшүндө эле өкүлдөрүнүн мындай пикирлери сөзсүз түрдө эске алынып, министрликтин ишин жакшыртуу жаатында тиешелүү чаралар көрүлө турганын билдирди. «Айыл чарба министрлигинин статист болуп калганы чын. Анда 5 миӊ 280 кызматкер иштейт. Алардын санын кыскартуу оюбуз бар. Бир айдын ичинде мындан үч ай мурун башталган талдоо иштери бүтөт, анын жыйынтыгында чечим кабыл алынат", - дейт ал.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости