www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда Сергей Буянов аттуу геолог-ишкер алтынды мыйзамсыз казып, иштетип жатканы айтылууда. Маалыматтарда, Буяновго таандык “А.С.А. Люкс” фирмасы Аксы районунда каолин минералын (ак чопо) өндүргөн түр көрсөткөнү менен, аныгында пираттык жол менен алтын казып иштеп жатат. Бүгүнкү күнгө чейин 300 килограммдан ашуун алтынды мыйзамыз өндүргөн. Ошондой эле, бул ишкерди Мамэкотехинспекция өзү калкалап келатканы жана мекемедеги байланышы аркылуу бир катар кен байлыктарга лицензияны сатып алганы айтылат. Мамэкотехинспекциядан аны Артыков аттуу бөлүм башчы “тейлейт” деген кабар бар. Коомчулукту бул чиновниктин башка дагы бир топ кыңыр иштерди “бармак басыт, көз кысты” кылып келатканы тууралуу, иликтөөнү талап кылган кептер аралап жүрөт.

“А.С.А. Люкс” фирмасы 2014-жылдын 25-февралында Таш-Көмүр шаарында катталган, ишмердигинин багыты таш көмүр өндүрүү. 2014-жылдын сентябрында Аксы районундагы “Белдеме”участогунан каолин өндүрүүгө уруксат алган, участоктун аянты 13,7 га. Лицензия үчүн 300 сом төлөгөн, бүгүнкү күнгө чейин бюджетке 820 миң сомдук төлөм кириштеген.

Юстиция министрлигинин маалымат базасында Буянов Сергей Викторовичке жана анын балдарына 12 фирма катталган.

1. “Торговый дом “Материального технического обеспечения” ЖЧКсы – таш көмүр өндүрөт;

2. “Разрез Кара-Суу” ЖЧКсы – таш көмүр өндүрөт;

3. “Долон бий” ЖЧКсы – жасалгалоочу жана курулуш материалдарын өндүрөт;

4. “Фаворит-ТМК” ЖЧКсы – таш көмүр өндүрөт;

5. “Хан-Кыпчак” ЖЧКсы – табигый минералдарды жана тоо кыртыштарын өндүрөт;

6. “Black Stone” ЖЧКсы – ачык жол менен таш көмүр өндүрөт;

7. “Чыгырташ” ЖЧКсы – биотехнологиядан тышкары, табигый жана техникалык илим тармагында изилдөө жана иштеп чыгуу;

8. “А.С.А. Люкс” ЖЧКсы – таш көмүр өндүрөт;

9. “Сатмэн” ЖЧКсы – жасалгалоочу жана курулуш таштарын өндүрөт;

10. “Кварц Азия” ЖЧКсы – түстүү металлдарды өндүрөт;

11. “Кут компани” ЖЧКсы – жасалгалоочу жана курулуш таштарын өндүрөт;

12. “ААР Каолин” ЖЧКсы – түстүү металлдарды өндүрөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости