www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын Нью-Мексико штатынын полициясы АКШнын президенти Джо Байденди өлтүрөм деп коркуткан адам камакка алынды. Бул тууралуу KIDK билдирди.

Жон Бенджамин Торнтон ошондой эле, президенттен тышкары, өлкөдөгү башка аткаминерлерди да өлтүрөрүн айтты. Ал ушундай мазмундагы билдирүүлөрдү жөнөтүп, өзүнүн Facebook баракчасына билдирүүлөрдү калтырган. Торнтон ошондой эле кванттык компьютерлерди чыгарган D-Wave Systems компаниясынын кызматкерлерин өлтүрөм деп коркуткан.
ФБР билдирүүлөр Торнтондун телефонунан жөнөтүлгөн деп билдирди. Мындай билдирүүлөрдү ал 2020-жылы жасагандыгы, бирок ал учурда эч кандай чара көрүлбөгөндүгү белгиленди.

«2020-жылдын 11-ноябрынан бери кооптуу жана коркутуп-үркүткөн билдирүүлөрдү алган бир нече адам Торнтонго нааразы болушту.

Донья-Ана округундагы түрмөдөн алынган кабарга ылайык, Торнтондун кылмыш иши 28-майда федералдык сотто каралат.

Суннатилла Абдуллаев, Ташкент

Булак: NazarNews.kg

Последние новости