www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Американын аскердик мүмкүн болгон соккулары Ирандын жогорку жетекчилигин, коопсуздук түзүмдөрүн, ошондой эле ядролук жана баллистикалык ракета программаларын бутага алышы мүмкүн. 

Эксперттердин баамында, тез жана күчтүү аба соккусу Трамп үчүн эң ыңгайлуу вариант. Бирок Израилдин өкүлдөрү режимди кулатуу үчүн авиация жетишсиз экенин, кургактагы аскерлер керектигин белгилешет.

Мындан улам BBC соккудан кийинки болуучу бир нече сценарийди атады. Башкача айтканда, режим сакталып, бирок саясат жумшарышы ыктымал, болбосо режим алсырап, өлкөдө аскердик башкаруу орношу мүмкүн.

Ал эми Иран жооп катары, Американын базаларына ракета, дрондор менен сокку урат. Ормуз кысыгына деңиз миналарын коёт. Бул дүйнөлүк энергетикага олуттуу сокку болот. Эң кооптуу вариант Ирандын толук башаламандыкка батышы жана узакка созулган согуш отунун тутанышы.

Бирок эксперттер мындай кадамдын кесепети оор болорун, шашылыш чечим аймак үчүн чоң гуманитардык жана коопсуздук кризисин жаратышы мүмкүн деп эскертишет.

Последние новости