www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын түштүгүндөгү чек ара сызыгынан мыйзамсыз өткөн мигранттардын саны 2023-жылдын октябрь айынан бери 1 млн адамга чукулдап калды, деп «CBS News» билдирди.

Чек ара патрулунун башчысы Жейсон Оуэнстин айтымында, мигранттардын санынын көбөйүшү улуттук коопсуздукка коркунуч туудуруда. «Чек аранын коопсуздугу — улуттук коопсуздуктун маанилүү бир бөлүгү.

Эгерде өлкөгө кимдер кирип жатканы алардын кандай максатта келип жатканы белгилүү болбосо бул өлкө үчүн кооптуу. Алар биздин алсыздыгыбыздан пайда көрүп жатышат», - деди ал.

Ал акыркы жарым жыл ичинде Мексикадан 1 млн адамга жакын мигрант чек арадан өткөнүн, кооптонуу жараткан нерсе бул — 140 миң адамдын из жашырып кеткени экенин баса белгиледи. 2022-2023-жылдары АКШнын чек арасында 2 млн адамдан ашык мигрант кармалган. 2023-жылдын май айында коронавирус учурунда киргизилген депортациядагы өзгөчө режим жокко чыгарылган.

Анда вирусттун жайылышын жөнгө салуу максатында мигранттардын баш-паанек суроо талабы канааттандырылбай келген. Учурдагы бийлик качкын статусун алууга укугу жок мигранттарды департациялоо талабын киргизген.

Бирок ага карабай мигранттардын агымы токтобой келет. Мурдарак Монтана штатынын сенатору Стив Дэйнс 2023-жылы АКШнын чек арасын 50 миңден ашык Борбор Азиянын жарандары кесип өткөнүн билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости