www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 

 Европа лидерлеринин Владимир Зеленский менен анын Ак үйдөгү жолугушуусуна кошулуу чечими, ал президент Дональд Трамп менен сүйлөшө турган маанилүү маектин олуттуулугун жана тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн траекториясын түп-тамырынан өзгөртүү зарылдыгын айгинелейт, деп жазат Washington Post гезитине таянып РИА Новости жазып чыкты.

«Европа лидерлеринин Зеленский менен Ак үйдөгү жолугушууга кошулуу чечими – бул таасирдүү жана чоң резонанс жараткан кадам. Ал Трамп менен Зеленскийдин алдыдагы маегинин маанилүүлүгүн жана тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн жүрүшүн радикалдуу өзгөртүү зарылдыгын баса белгилейт», – деп жазат басылма.

CNN телеканалы булактарына таянып билдиргендей, 18-августта Вашингтондо Трамп менен Зеленскийдин жолугушуусу өтөт. Анда буга чейин Зеленский менен кайым айтышып жүргөн АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс да катышат.

Мындан тышкары жолугушууга Германия канцлери Фридрих Мерц, Улуу Британиянын премьери Кир Стармер, Франция президенти Эммануэль Макрон, Италиянын премьери Джорджа Мелони, Финляндия президенти Александр Стубб, Еврокомиссия башчысы Урсула фон дер Ляйен жана НАТО баш катчысы Марк Рютте катышарын билдиришти.

Ал эми Bild гезити булактарына таянып жазгандай, Трамп адегенде Зеленский менен жеке сүйлөшүп, андан кийин гана европалык лидерлер менен жолугат.

АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио мурдараак билдиргендей, Ак үйдөгү жолугушууда Украина үчүн коопсуздук кепилдиктери талкууланат. Президенттин атайын өкүлү Стив Уиткофф болсо Вашингтондогу сүйлөшүүлөрдө Украина жаңжалындагы аймактык маселелер боюнча макулдашууга жетишилет деген үмүтүн билдирди.

Последние новости