www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Американын Москвадагы элчилиги өз жарандарын "азырынча мүмкүнчүлүктөр барда" Орусиядан токтоосуз чыгып кетүүгө үндөдү. Бул тууралуу ТАСС жазат.
"АКШ жарандары Орусияга барбашы керек, ал эми Россияда жашаган же анын ичинде саякаттап жүргөндөр коммерциялык саякатка мүмкүнчүлүктөрү чектелүү болуп турганда өлкөдөн дароо чыгып кетүүсү керек", — деп билдирди элчилик.
Дипломатиялык өкүлчүлүк орус тарап "АКШ жарандарынын кош жарандыгын таануудан баш тартуусу, мындай адамдардын америкалык консулдук жардам алуу мүмкүнчүлүгүнөн баш тартуусу, Орусиядан чыгуусуна тыюу салуу жана аларды аскер кызматына чакыруу" мүмкүн деп тынчсыздануусун билдирди.
Отчетто коммерциялык каттамдардын саны учурда өтө чектелгени жана көп учурда сапар алдында кыска мөөнөттө билет сатып алуу мүмкүн эместиги белгиленген. "Автоунаа же автобус менен жер үстүндөгү каттамдар дагы эле ачык. Эгер Орусиядан кетүүнү кааласаңыз, тез арада өзүңүз кам көрүшүңүз керек", - деп билдирди элчилик.
Бир күн мурда, 27-сентябрда Болгария менен Польша өз жарандарына Россия Федерациясынын аймагынан тез арада чыгып кетүү жана өлкөгө баруудан баш тартуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө ойлонууну сунуштаган.
Булак: NazarNews.kg