www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Европада АКШнын NATO альянсынан чыгышы мүмкүн деген кооптонуулар күчөп, коопсуздукту камсыздоонун альтернативдүү жолдору активдүү талкуулана баштады.
The Wall Street Journal басылмасы жазгандай, бул пландын негизги максаты — Европа Биримдигине учурдагы НАТО структураларын колдонуу менен өз алдынча коргонуу мүмкүнчүлүгүн түзүү. Айрым расмий эмес талкууларда бул демилге “Европалык НАТО” деп да аталып жүрөт.
Маалыматтарга караганда, европалык өлкөлөр альянстын ичинде өздөрүнүн ролун күчөтүп, командалык жана штабдык кызматтарда көбүрөөк өкүлчүлүккө ээ болууну көздөшүүдө. Ошондой эле АКШнын аскердик мүмкүнчүлүктөрүн Европа мамлекеттеринин ресурстары менен толуктоо маселеси каралууда.
Бул демилгелер негизинен жабык жолугушууларда жана расмий эмес сүйлөшүүлөрдө талкууланып, азырынча НАТОго атаандаш түзүм түзүү максатын көздөбөйт.
Эксперттердин айтымында, мындай талкуулардын жанданышына Германиянын позициясынын өзгөрүшү негизги себеп болду. Мурда Берлин Франция сунуштаган Европа үчүн өз алдынча коргонуу саясатына каршы чыгып келген. Бирок 2025-жылдын май айында канцлер болуп келген Фридрих Мерздин тушунда Германияда АКШны ишенимдүү союздаш катары кабыл алуу боюнча күмөн саноолор пайда боло баштаганы белгиленүүдө.