www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

1-апрелде Дамасктагы Иран консулдугуна кол салуудан кийин АКШ менен Израилдин өкмөттөрү Тегерандын ыктымал жооп кайтаруусуна даярдануу үчүн Жакынкы Чыгыштагы куралдуу күчтөрүн күжүрмөн даярдыкка келтиришти. Бул тууралуу "The New York Times" (NYT) бийликке шилтеме берүү менен билдирди.

Атын атагысы келбеген израилдик аткаминердин айтымында, бийликтер аскердик бөлүктөрдө кызмат өтөп жаткан аскер кызматкерлеринин эмгек өргүүсүн жокко чыгарып, абадан коргонуу бөлүктөрүндө кызмат өтөөгө кээ бир резервчилерди чакырып, GPS сигналдарын көзөмөлдөй башташты.

Анонимдүү эки ирандык аткаминер Израилдин агрессиясын токтотуу үчүн Дамасктагы кол салууга түз жооп кайтаруу зарыл деген чечимден кийин республика өзүнүн бардык куралдуу күчтөрүн толук даярдыкка келтиргенин басылмага ырасташты.

Гезит америкалык аскерий аналитиктердин болжолуна таянып, Ирандын соккусу аймактагы америкалык күчтөргө караганда Израилге багытталышы ыктымал деп жазды. Израилдик адистердин 2023-жылдын 7-октябрынан бери үзгүлтүксүз ок атууну уланткан Ливандагы Хизболла уюмунун Ирандын кол салуусуна катышуусун күтпөгөнү белгиленди. Алар Тегерандан түз жооп күтүшүүдө.

Маалымат үчүн айта кетсек, Израил 1-апрелде Дамасктагы Иран консулдугунун имаратына F-35 согуштук учактары менен ракеталык чабуул жасаган. Чабуулдун натыйжасында 13 киши, анын ичинде генералдар Мохаммад Реза Захиди жана Мохаммад Хади Хаж Рахими набыт болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости