www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ Казакстандын бийлигин сабырдуулукка, ал эми нааразылыкка чыккандарды өз талаптарын тынч жол менен билдирүүгө чакырды. Бул тууралуу Ак үйдүн маалымат катчысы Жен Псаки 5-январда айтты.

"Биз Казакстандагы каршылык акциялары тууралуу маалыматтарга көз салып жатабыз", — деди ал Ак үйдө өткөн брифингде.

Псаки "Казакстандагы башаламандыктарга АКШнын тиешеси бар" деген Орусиянын билдирүүлөрүн "карандай калп" деп сыпаттады.

6-январга караган түнү өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Касым-Жомарт Токаев "мамлекетке бүлүк салган террордук топтор чет жактан катуу даярдыктан өтүп келишкенин жана Казакстанга кол салууну агрессия актысы катары кароо керек экенин" билдирди.

Казак лидери курамына Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан кирген Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) лидерлеринен жардам сурап кайрылды. 6-январга караган түнү уюмга төрагалык кылган Армениянын премьер-министри Никол Пашинян ЖККУнун бейпилдик күчтөрү чектелген убакытка Казакстанга жөнөтүлөрүн билдирди. Ал мындай чечим "Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин кайрылуусуна, Казакстандын улуттук коопсуздугу менен суверендүүлүгүнө туулуп жаткан коркунучка жана сырттан кийлигишүүлөргө" байланыштуу кабыл алынганын билдирди.

Буга чейин Казакстандын расмий органдары нааразылыктар учурунда сегиз полиция жана улуттук гвардиянын бир аскери каза болгонун билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости