www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Америка Кошмо Штаттарынын президенти Жо Байден өлкөнүн өкмөтүн каржылоо жөнүндө мыйзамга кол койду. Жалпы суммасы 1,2 триллион доллар турган мыйзам жакында АКШ Конгресси тарабынан бекитилген. Документ федералдык мекемелерди 30-сентябрга – финансылык жылдын соңуна чейин каржылоону камсыздайт.

Муну менен “шатдаун” деп аталган, башкача айтканда мамлекеттик мекемелерди каржылоонун үзгүлтүккө учуроо кооптуулугу жоюлду. Мурдараак Конгресс чыгымдар жөнүндө бир нече жолу убактылуу мыйзамдарды кабыл алган. Алардын соңкусунун мөөнөтү 22-мартта аяктаган.

Кол коюлган мыйзам менен Өкүлдөр палатасы менен Сенаттагы демократтардын жана республикачылардын ортосунда мунаса табылды. Ошол эле маалда, төмөнкү палатадагы республикачылардын көпчүлүгү, башкысы Дональд Трамптын оңчул тарапташтары аны колдогон эмес. Алар мамлекеттик чыгымдарды кыйла кыскартууга, ошол эле маалда чек араны коргоого кошумча каражат бөлүүгө чакырып келишет.

Президент Байден мыйзамдын кабыл алынышын кубаттап, аны “америкалыктарга инвестиция, экономиканы жана улуттук коопсуздукту бекемдөө” деп атады. “Америка добушунун” билдирүүсүндө, Байден Конгрессте кармалып турган башка мыйзамдарды да кабыл алууга чакырган.

Алардын ичинде Сенат тарабынан кабыл алынып, бирок бир катар республикачылардын позициясынан улам Өкүлдөр палатасынын добуш берүүсүнө чыгарылбай келген Украинаны, Израилди жана Тайванды колдоого каражат бөлүү жөнүндө мыйзам долбоору да бар.

Учурда Өкүлдөр палатасы Пасха майрамына карата эс алууга тараган. Мыйзам долбооруна апрелдин экинчи декадасынан кийин гана кайрылышы мүмкүн. Ошол эле маалда республикачылар аталган маселе боюнча өзүнүн долбоорун иштеп жатканы кабарланган.

Последние новости