www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-- “Шайлоо жакындаган сайын айрым депутаттар популизм менен алектенүүнү адат кылып алды" деген коомчулукта сын-пикирлер кѳп. Сиздин оюңуз кандай?

-- Мен эч кимди сындагым келбейт. Бирок ачык айтыш керек. Акыркы кезде популизм менен алектенген, шайлоо алдында ѳзүн жакшы кѳрсѳткүсү келген адамдар кѳбѳйдү. Беш жыл унчукпай отурган айрым депутаттар иштерман болуп чыга келишти. Бирок, мындай талапкерлер эл үчүн бир нерсе жасайт деп күтүүгѳ болобу. Ал ѳзү үчүн, мандат-мансап үчүн гана чуркаган адам деп ойлойм. Анткени эл ѳкүлү элдин, ѳз шайлоочуларынын жашоосун жакшы жакка ѳзгѳртүү үчүн мыйзам жазышы керек. Жазып эле койбой аны коргоп, анын иштеши үчүн кам кѳрүшү кажет.
Депутаттар элдин жашоосун жакшыртуу үчүн канча мыйзам жазды, анын канчасы кагаз түрүндѳ калбай натыйжалуу иштеп жатат? Сѳз учугун мына ушундан башташ керек. Ал эми популизм бул депутаттын кѳрсѳткүчү эмес!
Ошондой эле бүгүн эл, жер, өлкө деген түшүнүктөрүбүз курулай кыйкырыкка, жылаңач сүйүүгө, көкүрөк каккан патриотизмге муктаж эмес. Анткени, канча жылдан бери билимсиздиктин, популизм менен ырксыздыктын, коррупция менен жемкорлуктун, айрыкча бекерчи «саясатчылар» уюштурган тоз-тополоңдордун, хаостун айынан түз жерден тайгаланып, мүдүрүлүп келебиз.

-- Мыйзам демекчи, сизди тар чѳйрѳдѳ бийликтин үстѳмдүгүнѳ карабай элдин кызыкчылыгы үчүн алтын кенин Жогорку Кеңештин жыйынына алып чыгып токтом менен жааптырып салган жападан жалгыз спикер деп келишет? Бул сѳздѳрдүн канчалык чындыгы бар? Кайсы алтын кенин бийликке каршы чыгып жаптырдыңыз эле.

-- 2011-жылы мага Таластан атайын аксакалдар, айылдык кеңештин депутаттары болуп бир топ жергиликтүү тургундар келди. Алар менден Андаш алтын кенин мыйзамдын негизинде жааптырып берсеңиз, анткени, кенди иштетүүгө жер шарты туура келбейт деп бир топ жүйѳѳлүү кептерин айтышты.

Тактап кѳрсѳм, Андаш кенин чалгындоого 2005-жылдан баштап уруксат берилиптир, аталган компанияны 2005-жылдан 2009-жылга чейин Aurum maining деген компания каржылап келсе, 2009-жылдан тарта австралиялык Kentor Gold компаниясы каржылай баштаптыр. Чет элдик ишкерлер дагы бир топ каражат жумшашыптыр. Ошондуктан мен аксакалдарга абалды жеринен кѳрѳйүн, эгер сиздер айткандай эч кандай талаптарга жооп бербесе анда мыйзам чегинде карап кѳрѳлү дедим. Бул боюнча депутаттык комиссия түздүк. Бул тармак боюнча адистер, бир топ депутаттар менен Таласка бардык.

Чын эле кен Талас ѳрѳѳнү боюнча суунун башында экен. Анан дагы казылып жаткан кендин жанында кѳрүстѳн жайгашыптыр. Аталган кен Көпүрө-Базар айылына жакын турганын, Казакстандын суу каналдарына агып баруучу өзөндө жайгашканын белгиленип, ишкана жергиликтүү калктын пикирин жана экологиялык коопсуздукту эске албаган деп 2011-жылы 24-июлда Таластагы Андаш кени биротоло жабылсын деп токтом чыгарганбыз. Биз чет элдик ишкерлердин кѳңүлү, каражатынан карапайым калктын саламаттыгы алда канча бийик турарын эч качан унутпашыбыз керек,-дейт коомдук ишмер Ахматбек Келдибеков "Жетиген" журналына берген маегинде.

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости