www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде бүтүрүүчүлөргө арналган «Ак жол сага, бүтүрүүчү!» аттуу салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Иш-чарага университеттин профессордук-окутуучулук курамы, студенттер жана ата-энелер катышты.

Иш-чаранын негизги максаты бүтүрүүчүлөрдү келечекке ишенимдүү кадам таштоого шыктандыруу. Салтанаттын жүрүшүндө бүтүрүүчүлөргө куттуктоо сөздөрү айтылып, алардын окуудагы, илимий жана коомдук иштердеги жетишкендиктери белгиленди. Ошондой эле концерттик программа тартууланып, чыгармачыл номерлер көрсөтүлдү. Иш-чарага мамлекеттик тил, жаштар саясаты жана спорт боюнча проректор Ж. Садыкбек кызы жана Бириккен кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Н. Догдурбек катышты. Иш-чарада окуудагы жана коомдук иштердеги активдүүлүгү менен айырмаланган студенттерге Бириккен кесиптик бирлик комитетинин Ардак грамотасы тапшырылды.

Иш-чара КМУнун жаштар жана социалдык-маданий иштер бөлүмү менен маданий-эстетикалык борбору тарабынан уюштурулуп, бүтүрүүчүлөр үчүн эсте каларлык маанай тартууланды.

Последние новости