www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

28-март күнү болжол менен саат 20:32 чамасында Бишкектин Ак-Ордо конушунда белгисиз жаран жаш балдарга таттуу таратып жүргөнү, кийин алардын ичинен ийненин сыныктары табылганы тууралуу билдирүү түшкөн. Бул тууралуу Ленин РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Текшерүү учурунда Ак-Ордо конушунун тургуну Б.Г. аттуу жаран арыз менен кайрылып, анын 2015 жылы туулган кызы жана башка балдар белгисиз жарандан алган конфеттердин ичинен ийнелер табылганын билдирген. 

Аталган фактынын негизинде Бишкек шаарынын Ленин РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Ммилиция кызматкерлери тарабынан шектүүнүн өздүгү аныкталып, ал - Н.Д. болуп, Тергөө кызматына жеткирилип, Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Анын жашаган дарегинде жүргүзүлгөн тинтүүдө конфеттер жана башка буюм далилдер алынган.

"Урматтуу жарандар! Балдарыңыздарга белгисиз адамдардан эч кандай тамак-аш, таттууларды жана башка буюмдарды албоону алдын ала түшүндүрүп, алардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурууну өтүнөбүз. Ошондой эле, эгерде сиздердин корооңуздарда же балдар ойноочу аянтчаларда ошол аймакта жашабаган белгисиз жарандар пайда болсо, 102 кызматына дароо кабарлап коюуңуздарды суранабыз.

Учурда тергөө иштери улантылууда", - деп айтылат билдирүүдө.

 

Последние новости