www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Калининград шаарынын тургуну өзүнүн бир жаштагы небересин терезеден ыргытам деп коркуткан. Бул тууралуу орусиялык маалымат булактары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, окуя 19-февралда кечке маал болгон. 47 жаштагы аял өзүнүн 23 жаштагы кызы менен урушуп кетип, анын 1 жаш 8 айлык наристесин 6 кабаттагы терезеден алып чыгып, ыргытам деп коркуткан. Полиция кызматкерлери шектүүнү кармашты. Үй-бүлөдөн кармалган аялдын небереси менен алты жаштагы баласын алып кетишти.

“Азыркы учурда эки бала тең медиктердин карамагында, алардын ден соогулуна эч кандай коркунуч жок”,-деп айтылат маалыматта.

Полиция камкордук (опека) органдары менен биргеликте балдардын  жашоо шартын териштирип жатат.

Алар Калининград шаарына бир жыл мурун Россиянын башка регионунан келгени маалым болду.

Учурда кармалган аял менен жашы жете электердин иштери боюнча инспекторлор иштеп жатат. Полициянын териштирген материалдары тергөө органдарына өткөрүлүп берилет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости