www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Былтыктар менен тылтыктар качан кетишет?

Бардык цивилдүү өлкөлөрдө тигил же бул мамлекеттик жогорку даражадагы жетекчиге, чиновникке мамлекет башчысы ишенбей калгандыгын билдирсе, алар автоматтык түрдө отставкага кетишет. Алсак, Россияда Д.Медведев президент болуп турганда Москванын мэри Ю.Лужковго ишеним артпай калгандыгын билдиргенде, ал ошонун эртеси отставкага кеткендигин жарыялаган. Ал эми чындыгында Москва Бишкектей эле муниципалдык башкаруудагы шаар. Анын жетекчисинин ишине жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын депутаттары, эл гана баа берип, ошолор гана кызматтык маселесин чече алышат. Анткени, мэр президенттей эле белгилүү мөөнөткө - эл, айрым гана жерлерде депутаттар тарабынан шайланат. Бирок, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкердин этикасы, вертикалдык башкаруунун императиви, мамлекеттин коопсуздугу жана элдин кызыкчылыктары дегендер бар. Юрий Лужков жогорудагыларды эске алып, президенттик бийликтин аброюна шек келтирбөө үчүн президент ишеним артпай тургандыгын билдиргендин эртеси отставкага кеткен. Чын эле мамлекет башчысынын бир шаардын мэрине тили өтпөсө, анда кандай аброй, таасир калат? Валери Жискар де Эстендин эскерүүлөрүнө ылайык, Франциянын ошол убактагы министрлери президент Шарль де Голлдун каштарын жыйыра жекире карап койгонунан эле тийиштүү жыйынтык чыгарышчу экен. Ал туура, өлкөдө канчалык демократия, адам укуктары болбосун, мамлекеттик чиновниктер үчүн мамлекет башчысынан бийик да, ыйык да бийлик да, авторитет да жок. Ал бардык цивилдүү өлкөлөрдө бекем сакталат. Антпесе кайдан натыйжалуу башкаруу болот?

Тилекке каршы, биздеги көпчүлүк жетекчилер, мамлекеттик чиновниктер этика, вертикалдык императив, элдин кызыкчылыгы дегенди унутушту. Эгерде андай болбосо Мамлекеттик архитектура жана курулуш, коммуналдык чарба агенттигинин жетекчиси Бактыбек Абдиев Коопсуздук кеңешинин 24-январдагы отурумунда президент тарабынан ага айтылгандарды уккандан кийин автоматтык түрдө отставкага кетиши керек эле. Ал ыктыяры менен кеткиси келбесе, өкмөт башчысы ага жардам бериши керек болчу. Абдиевдин өзүм билемдиги, жергиликтүү мамлекеттик органдар менен эсептешпей тургандыгы дагы ж.б. жөнүндө көп сөздөр айтылып келет. Аларга да кайрылып калышыбыз мүмкүн, ал келечектеги иш. Бирок, жогорудагы сындан Абдиевдин гана эмес, өкмөттүн да жыйынтык чыгарбаганы - алардын беттери биротоло өгүздүн терисиндей калыңдап, анысы аз келгенсип катып, андан да көк үйдө отургандардын позаланууга өтүп, өтө эле “автономдошуп” бараткандыгын айгинелейт. Ага чейин президент энергетика жана тоо кен ресурстары боюнча агенттиктин жетекчисин сындап, сөгүш да берген, бирок андан деле же ал жетекчи же өкмөт жыйынтык чыгарган жок. Ал эми президент Жогорку соттун, Башкы прокуратуранын жетекчилерин коррупциялык көрүнүштөрдү калкалагандарын ачык айтып, “былтыйбай кетпейсиңерби” десе, кылгылыктын баарын кылып коюшуп, былтыктар тылтыктарга, тултуктарга кошулушуп дагы деле сүзүлүп отурушат. Милийсалар кармап келген рецидивисттерди соттор, прокуратура органдары коё берип жатышса, Кыргызстанда кылмыштуулук кайдан, кантип азаят? Ансыз деле акыркы убактарда Оштун криминалдардын, уюшкан кылмыштуулардын барымтасында калгандыгы айтылууда. Же андай өз милдеттерин жетиштүү аткарбаган, тазаланууга жана реформаларга гана бут тоскон жетекчилерди шыпыргы, швабралар менен кубалаш керекпи? Былтыйып, тултуюп отура беришсе, ал абалга да жетет окшоп калды.

Булак: "Майдан.kg" 

Последние новости