www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 16-мартында Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинде «Финансылык сабаттуулукка шилтенген алгачкы кадамдар» жана «Жоопкерчиликтүү керектөө» аттуу методикалык колдонмолордун презентациясы өттү. Иш-чарага билим берүү системасынын өкүлдөрү, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, эксперттер жана методисттер катышты.

Окуу колдонмолору ЮНЕСКО тарабынан Кыргыз билим берүү академиясы жана Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги менен биргеликте иштелип чыкты. Материалдар окуучулардын финансылык сабаттуулугун өнүктүрүүгө, аң-сезимдүү керектөө жана жоопкерчиликтүү чечим кабыл алуу көндүмдөрүн калыптандырууга багытталган.

Агартуу министринин орун басары Надира Джусупбекова колдонмолорду даярдоо иштери бир нече жыл бою жүргүзүлгөнүн белгиледи. Анын айтымында, бул методикалык материалдар билим берүү программаларын иштеп чыгууда мугалимдер, окуу китептеринин авторлору жана эксперттер үчүн маанилүү курал болуп, мектептик билим берүүдө финансылык сабаттуулук темаларын интеграциялоого көмөк көрсөтөт.

Алматы шаарындагы ЮНЕСКОнун регионалдык кеңсесинин билим берүү боюнча адиси Нурбек Тилешалиев бул колдонмолор «Туруктуу өнүгүү үчүн билим берүү» глобалдык демилгесинин алкагында иштелип чыкканын билдирди. Анын айтымында, Кыргызстан эл аралык билим берүү демилгелерине активдүү катышып, билим берүү системасында туруктуу өнүгүү компетенцияларын өнүктүрүүгө системалуу мамиле киргизип жаткан Борбор Азия өлкөлөрүнүн бири болуп саналат.

Презентациянын жүрүшүндө авторлор башталгыч класстардын окуучуларына багытталган «Финансылык сабаттуулукка шилтенген алгачкы кадамдар» аттуу окуу колдонмосунун мазмуну менен тааныштырышты. Белгиленгендей, башталгыч класстарда финансылык сабаттуулук өзүнчө предмет катары окутулбайт, ошондуктан каржыны башкаруу жана аң-сезимдүү керектөө темалары мектептеги предметтерге интеграцияланып берилет.

Жолугушуунун катышуучулары билим берүү материалдарын мындан ары жайылтуу жана аларды мектептик билим берүү системасына киргизүү мүмкүнчүлүктөрүн да талкуулашты. Колдонмолордун электрондук версияларын мектептерге, мугалимдерге жана ата-энелерге жеткиликтүү кылуу пландалууда.

Жаңы материалдар окуучулардын XXI кылымдын универсалдуу көндүмдөрүн, анын ичинде финансылык жана медиа сабаттуулукту, ресурстарга жоопкерчиликтүү мамилени жана туруктуу өнүгүү компетенцияларын өнүктүрүүгө багытталган.

Последние новости