www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Туризмди өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинин жамаатына жаңы директор Эдуард Кубатовду тааныштырды.
МинКаб башчысы туризм тармагынын өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү маанилүү ролун айып, Кыргыз Республикасынын зор потенциалы бар экенин баса белгиледи. Ал мамлекет туризмди өнүктүрүүгө артыкчылыктуу маани берерине токтолду.
Анын айтымында, 2025-жылы туристтик кызмат көрсөтүүлөрдүн экспортунан түшкөн киреше 1 миллиард АКШ долларынан ашкан, туристтик сектордо 129 миңге жакын субъект иштейт. Буга байланыштуу ал Туризмди өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинин алдына коюлган бир катар маанилүү милдеттерди белгиледи, анын ичинде Туризм жөнүндө мыйзамды өркүндөтүү, туристтердин өлкөдө ыңгайлуу жана коопсуз болушун камсыз кылган онлайн системаларды жана платформаларды киргизүү аркылуу санариптик форматта кызмат көрсөтүүнү күчөтүү.
Адылбек Касымалиев Мамлекеттик агенттиктин жаңы жетекчиси тармакты мындан ары өнүктүрүүгө салым кошоруна, артыкчылыктуу долбоорлорду ишке ашырууга түрткү берерине жана ведомствонун натыйжалуу иштешин камсыз кыларына ишенимин билдирди.
Жыйынтыгында МинКаб башчысы агенттиктин жаңы директору Эдуард Кубатовго ишине ийгиликтерди, коюлган максаттарга жетүүнү жана өлкөнүн туристтик тармагын өнүктүрүүгө багытталган жемиштүү ишмердүүлүктү каалады.