www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Ысык-Көл облусуна болгон жумуш сапарынын жүрүшүндө бир катар медициналык мекемелердин абалы менен таанышты. 

Атап айтканда, Министрлер кабинетинин башчысы Каракол шаарындагы облустук бириккен ооруканага барды. Оорукананын негизги имараты 1968-жылы курулуп, 550 орунга ылайыкталган. Адылбек Касымалиев реанимация жана хирургия бөлүмдөрүн көрүп, бар болгон жабдуулар жана бейтаптарды дарылоо шарттары менен таанышты. 

Андан ары МинКаб башчысы 350 орундуу жаңы оорукананын курулушунун жүрүшү менен таанышты. Курулуш иштери 2024-жылы башталган. Жаңы оорукананын имараты 8 блоктон турат. Долбоорду 2027-жылы бүтүрүү күтүлүүдө. МинКаб башчысы бул медициналык мекеменин бүткүл облус үчүн маанилүүлүгүн белгилеп, курулуш иштерин өз убагында жана сапаттуу бүткөрүүнү тапшырды. Адылбек Касымалиев ошондой эле ооруканада иштеген жаш дарыгерлерге мамлекеттик ипотекалык программанын алкагында батирлерди бөлүп берүүнү, ошондой эле кызматтык турак жай куруу маселесин иштеп чыгууну тапшырды. 

Мындан тышкары, сапардын алкагында ага Каракол шаарында КМШ өлкөлөрү жана чектеш мамлекеттер үчүн жогорку технологиялуу медицинанын жана медициналык туризмдин алдыңкы аймактык борбору боло ала турган эл аралык медициналык кластерди куруу долбоору тааныштырылды. Долбоор диагностиканын жана дарылоонун алдыңкы технологияларын өнүктүрүүгө, онкология жана кардиология боюнча адистештирилген борборлорду түзүүгө, алдыңкы чет элдик адистерди тартууга, ошондой эле заманбап медициналык билим берүү жана жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо системасын түзүүгө багытталган. Долбоордун баасы - 150 миллион АКШ долларын түзүп, 510 орунга ылайыкташкан. 

Долбоор 750гө жакын жаңы жумуш орундарын түзүүгө мүмкүндүк берет. Андан ары Министрлер Кабинетинин башчысы Өзгөчө кооптуу жана карантиндик инфекцияларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборунун чумага каршы бөлүмүнүн абалы менен таанышты. 

Мекеменин имараты 1894-жылы курулган. Лабораториялык база биологиялык коопсуздуктун заманбап талаптарына жооп бербейт. Сапардын жыйынтыгында тиешелүү түзүмдөргө жаңы имарат куруу жана бөлүмдүн материалдык-техникалык базасын мындан ары жаңыртуу маселесин иштеп чыгуу тапшырылды. 

Мындан тышкары, жумушчу сапардын алкагында Министрлер Кабинетинин башчысы Ысык-Көл облустук соттук-медициналык экспертиза бюросуна барды. Мекеме 1897-жылы курулган имаратта жайгашкан жана авариялык абалда. Бюродо үч бөлүм иштейт. Бул жактын абалы менен таанышкан соң, Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев тиешелүү мамлекеттик органдарга мекеменин инфраструктурасын модернизациялоо, анын ичинде жаңы имарат куруу жана керектүү жабдууларды сатып алуу маселелерин иштеп чыгууну тапшырды.

Последние новости