www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Берлинге болгон жумуш сапарынын алкагында министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Германиянын борборундагы “Кыргыз почтасы” ААКнын чет өлкөдөгү эл аралык почта алмашуу борборуна барды.

Сапардын жүрүшүндө МинКаб Төрагасына борбордун ишмердүүлүгү, анын ичинде эл аралык почтаны сорттоо, таңгактоо, кайра иштетүү жана жөнөтүү боюнча заманбап технологиялары тууралуу маалымат берилди.

“Кыргыз почтасынын” ААКнын башкы директору Марат Черикчиев ошондой эле борбордун мындан аркы өнүгүү пландарын, анын ичинде логистикалык потенциалды кеңейтүү жана почтаны кайра иштетүүнүн ылдамдыгын жана сапатын жогорулатууга багытталган жаңы санариптик чечимдерди ишке киргизүүнү айтты.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Кыргызстандын балдар үйлөрүнүн бирине өзүнүн атынан белекти символикалык түрдө жөнөтүүсү сапардын өзгөчөлүгү болду. Анда 50 белек топтомунда билим берүүчү оюндар, китептер, кеңсе буюмдары жана таттуулар бар.

Адылбек Касымалиев белгилегендей, Европанын чок ортосунда мындай борбордун ачылышы Кыргызстандын экспорттук потенциалын чыңдап, ата мекендик өндүрүшчүлөр менен ишкерлер үчүн европалык рыноктордо жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ача турган маанилүү кадам.

Ошондой эле ал жөнөтүлгөн белектер Бишкекке ылдамыраак жетип, Жаңы жылды утурлай балдарды кубандырат деген ишенимин билдирди.

Последние новости