www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коопсуздук кеңештин катчысы Адилет Орозбеков бүгүн, 24-апрелде, Душанбе шаарында (Тажикстан Республикасы) өткөн Борбордук Азия өлкөлөрүнүн коопсуздук кеңештеринин катчыларынын Үчүнчү жолугушуусуна катышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууга ошондой эле Казахстан, Тажикстан жана Өзбекстандын коопсуздук кеңештеринин катчылары катышты.

Аймактык жана чек ара коопсуздугун камсыз кылуу, терроризмге, экстремизмге, трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка, анын ичинде баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө жана киберкоркунучтарга каршы аракеттенүү жаатындагы өз ара кызматташууну кеңейтүү жөнүндөгү актуалдуу маселелер талкууланды. 

Катчылар Жакынкы Чыгышта болуп жаткан окуялар жана алардын Борбордук Азиядагы аймактык коопсуздукка тийгизген таасири тууралуу тынчсызданууларын да билдиришти.

Мындан тышкары, Борбордук Азияда транспорт жана азык-түлүк коопсуздугу жаатындагы өз ара кызматташууну чыңдоо боюнча пикирлер алмашылды.

 

Последние новости