www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Абактагы өспүрүм энесине 12 жылдан кийин жолукту

№14 түзөтүү мекемесинде (Панфилов районунун Вознесеновка айылындагы жашы жете электер үчүн түрмө) жүрөк толкуткан жолугушуу болуп өттү, деп билдирди Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы.

Белгилүү болгондой, мекеменин тарбиялануучуларынын бири 12 жылдан бери биринчи жолу апасын көрдү. Камалганга чейин ал балдар үйүндө тарбияланган жана ушул убакыт аралыгында апасы менен байланышы болгон эмес.

«Иш-чара мекеменин тарбиялоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан үй-бүлөлүк байланыштарды калыбына келтирүү үчүн уюштурулуп, моралдык колдоо көрсөтүүгө багытталган. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы абактарда отургандардын руханий абалына жана социалдык адаптациясына көңүл бурат. Эненин мээримин эч нерсе алмаштыра албайт»,- деп айтылат билдирүүдө.

Последние новости