www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жайыл районунда жаш баланы сүзүп кеткен айдоочу кармалды, деп билдирди Чүй ОИИББ.

13-июнь күнү саат 21:30 чамасында Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө Ак-Башат айылындагы Кучкач ата көчөсүндө жол кырсыгы болгондугу тууралуу маалымат түшкөн.

Алдын ала алынган маалыматтарга ылайык, 1994-жылы туулган Р.Б. "Lexus RX-300" үлгүсүндөгү унааны башкарып бара жатып, 2019-жылы туулган М.А. аттуу кызды сүзүп кеткен. Бала дароо жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген, бирок алган жаракаттарынан эсине келбей каза болгон.

Аталган факт боюнча сотко чейинки териштирүү иштери башталган. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу жөнөтүлгөн.

14-июнда бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренеси (Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) боюнча кылмыш иши козголду.

Тергөө иштеринин алкагында унаанын айдоочусу - 1994-жылы туулган Р.Б. кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.

«Азыркы учурда жабыркагандардан көрсөтмөлөр алынууда, Р.Б.нын айдоочулук күбөлүгүнүн бар-жогу, унаанын техникалык абалы жана тиешелүү документтер текшерилүүдө.

Тергөө иштери Ички иштер министрлигинин жана Чүй ОИИББнын жетекчилигинин көзөмөлүндө», деп айтылат расмий маалыматта.

Последние новости