www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

6 баллдык жер титирөөдөн 10дон ашык имарат жабыркады

6-октябрга караган түнү Кыргызстанда болгон жер титирөөнүн кесепетинен бир нече мекеме жабыр тарткан.

Алдын ала маалымат боюнча Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Каныш-Кыя айыл аймагынын Башкы-Терек айылында жайгашкан 1 мектеп, 1 бала бакча, 1 ФАПтын, 3 турак үй, Коргон-Сай айылында 2 турак үй, Курулуш айылында 1 турак үй жана Чакмак-Суу айылында 1 ФАПтын имаратынын дубалынан майда жаракалар пайда болгон.

Ал эми Талас облусунун Айтматов районундагы жер титирөөнүн кесепетинен Шекер айыл аймагынын Шекер айылында 1 мектеп жана Манас районунун Семетей айыл аймагынын Семетей айылында 1 мектеп (интернат), Жайылган айылында 1 мектептин имаратынын дубалынан майда жаракалар аныкталган.

Жалпы 6 турак үй, 4 мектеп, 1 балдар бакча, 2 ФАПтын имаратынын дубалдарынан майда жаракалар кеткен.

Жеринде жарандык коргонуу кызматтары Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жарандык коргонуу бөлүмүнүн адистери менен биргеликте иш алып барууда.

Белгилей кетсек, 6-октябрь күнү КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, түнкү саат 02:29да Кыргыз Республикасынын аймагында MSK-64 шкаласына ылайык очогунда күчү 6 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган.

Последние новости