www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын жарандыгына кабыл алуу жана чыгаруу жөнүндө төрт жарлыкка кол койду. Анын бири 551 адамды (анын ичинен 422и чоң адамдар жана 129у балдар) Кыргызстандын жарандыгынан чыгаруу жөнүндөгү жарлык. Мындан сырткары президенттин дагы бир жарлыгы менен жалпысынан 342 адам Кыргызстандын жарандыгына кабыл алынды. Алардын көпчүлүгү Өзбекстан жана Тажикстандан келген этникалык кыргыздар. Бул тууралуу маалыматты Азаттык билдирди.

Өлкө эгемендик алгандан бери башка өлкөлөрдүн жараны болуп кеткен кыргызстандыктардын саны 50 миңдин тегерегинде. Ошол эле учурда Кыргызстандын да, Орусиянын да паспортуна ээ болуп, мыйзамсыз түрдө кош жарандуулук менен жүргөндөр да көп экени айтылат.

Баш мыйзам боюнча кыргыз жарандыгынан чыгаруу жана кабыл алуу укугуна мамлекет башчы гана ээ.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости