www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
5-мартта Жер бетинде G1 деңгээлиндеги магниттик бороон катталат. Бул тууралуу Россиянын Илимдер академиясынын Космостук изилдөөлөр институту жана Күн менен Жер физикасы институтунун күн астрономиялык лабораториясы маалымдады.
Маалыматка ылайык, магниттик активдүүлүк кечки саат 18:00гө чейин уланат. Ал эми бүгүн жана эртең 3, 4-мартта магнитосфера туруктуу болмокчу.
Магниттик бороон - Жердин магниттик талаасынын Күндүн бетинде орун алган жарылууларга карата таасирлениши. Анын күчү G1 (анча билинбеген) деңгээлинен G5 (күчтүү толкундар) деңгээлине чейин жетет.
Адистер бул көрүнүш адамдардын ден-соолугуна терс таасирин тийгизерин эскертишет. Магниттик бороон учурунда адам өзүн жаман сезип, башы айланып, муундары ооруп жана кан басымы көтөрүлөт. Ошондой эле маанайдын өзгөрүшү, тынчсыздануу, толкундануу же тескерисинче, апатия орун алат. Мындан улам бул күнү уйку режимин сактап, катуу чарчоодон алыс болуу керектелет.