www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Манас шаарында Кыргызстан айылынын аймагындагы Көк-Арт дарыясынын нугунан кум-шагыл аралашмасын мыйзамсыз казып алуу фактысы аныкталды.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маалыматына ылайык, уруксатсыз кум-шагыл алып жаткан «Барсбек Коган Ко» ишканасынын ишмердүүлүгү токтотулду.

Мыйзам бузууга жол берген ишканага 35 миң сом өлчөмүндө административдик айып пул салынса, мыйзамсыз казуу иштерине катышкан дагы бир жаран 13 миң сом айыпка жыгылды.

Министрлик дарыя нугунан мыйзамсыз кум-шагыл алуу экологиялык тең салмактуулукту бузуп, сел коркунучун күчөтөрүн жана жээктердин бузулушуна алып келерин белгиледи. Бул багыттагы көзөмөл жана рейддик иш-чаралар улантылат.

 

 

 

 

 

 

Последние новости