www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 30-ноябрда Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүүдө.
Шайлоо процесси өлкө ичинде жана чет мамлекеттерде уюштурулган тилкелерде тынч жана уюшкандыкта жүрүп жатат.
Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, саат 16:00гө карата шайлоочулардын 25 пайызы добуш берүүгө катышты.
Тактап айтканда, 1 073 444 шайлоочу жарандык милдетин аткарып, добуш берүүгө катышты.
Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Султан Макилов билдиргендей, өлкө боюнча ар бир шайлоо участогунда укук коргоо органдарынын кызматкерлери коомдук тартиптип камсыз кылууда. Азыркы тапта мыйзам бузуулар каттала элек.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо 30 көп мандаттуу округ боюнча 460 кандидат ат салышууда. Алардын 271и - эркек, 189у - аял талапкерлер.
Добуш берүү кечки саат 20:00гө чейин уланат.