www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвили камакта өлүм алдында жатканын айтты. Ал мындай билдирүүнү Politico басылсамына юрист аркылуу берген.
"Мен 2021-жылдын октябрында сегиз жылдан кийин Грузияга эркин жана таза парламенттик шайлоону колдоо үчүн кайтып келгем. Мен анда 54 жаштагы ден соолугум чың, энергиялуу адам болчумун. Келээрим менен грузин бийлиги тарабынан камалдым. Ошол бойдон камактамын. Мен камакта ушак-айыңдар жана "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" боюнча саясий жүйөөлөр үчүн отурам. Бул азыркы грузин бийлиги менен Кремль үчүн эле мыйзамдуу.
Ал эми түрмөдө менин ден соолугум кескин начарлап кетти: мен азыр өлүп баратам.
Мен системалуу түрдө физикалык жана психикалык жактан кыйноого кабылдым жана учурда менин денемде оор металл менен уулануунун белгилери бар. Мен азыр 20дан ашкан укмуштуудай оорулардан жапа чегип жатам, алардын баары камакта пайда болгон", - деп жазган Саакашвили.
Эске салсак, саясатчы Грузияда 2021-жылдын 1-октябрында кармалган, ага бир нече кылмыш иштери боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. Ал банкир Сандро Гиргвлианинин өлтүрүлүшү жана депутат Валерий Гелашвилинин сабалышы боюнча сырттан соттолгон. Биринчисинде Саакашвили үч жылга, экинчисинде алты жылга эркинен ажыратылган.
Булак: NazarNews.kg