www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте биринчи класска кире турган 14 миңдей жеткинчек бала бакчалардын имаратында окушу ыктымал. Бул тууралуу мэриянын Билим берүү департаментинин башчысы Рахат Мусаева билдирди.

Анын айтымында, быйыл 23 миңдей бала 1-класска, 25 миңдей бала 2-класска алынары болжолдонуп жатат.

"Бардык экинчи класстын окуучуларын мектептерге толугу менен жайгаштыруу пландалууда. Ал эми 1-классттын 9 миң баласы мектептерде, 14 миңи бакча имараттарында окутулат. Бул сан азайышы да мүмкүн", — деди Мусаева.

Ошондой эле ал окуу 35 мүнөттөн болуп, балдар 3-4 сааттан кийин үйүнө кетерин, андан кийин экинчи смена келерин кошумчалады.

Последние новости