www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ушул жылдын 1-апрелинен тарта Россияда жашап турууга уруксат же Россия жарандыгын ала турган чет элдиктер бул мамлекеттин айдоочулук күбөлүгүн алышы керек. Бул тууралуу PG Partners юридикалык фирмасынын улук башкаруучу өнөктөшү Петр Гусятников "Прайм" агенттигине билдирген.

Анын айтымында, келерки аптадан тарта "Жол коопсуздугу жөнүндө" мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр күчүнө кирет. Документке ылайык, чет өлкөнүн айдоочулук күбөлүктөрүн Россияныкына алмаштыруу керек болот.

Мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр улуттук айдоочулук күбөлүктөр жарактан чыгат дегенди түшүндүрбөйт. Аларды алмаштырууга толук бир жыл берилет. Башкача айтканда, 2025-жылдын 1-апрелине чейин алмаштыруу керек. Бул мыйзамды аткарбагандарга 5 миңден 15 миңге чейин айып салынары айтылды. Эгер айдоочу автоунааны Россиянын күбөлүгү жок мас абалында башкарып, олуттуу эмес кырсыкка кабылып ал жерден кетип калса, 10-15 суткага камалат же айдоочулук күбөлүгүнөн 1,5-2 жылга чейин ажырап, аны менен катар 30 миң рубль айып төлөйт. Мындай айдоочулар жаза аткаруу мөөнөтү аяктагыча айдоочулук күбөлүк алууга экзамен тапшыра алышпайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости