www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нарын облусунун Кочкор райондук прокуратурасы тарабынан Кочкор-Коммунизм автожолунун 1-500 чакырымындагы Чу дарыясынан өтүүчү чоң көпүрөнүн курулушу боюнча текшерүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, текшерүүдө бюджеттик каражаттар мыйзамсыз жеке курулуш ишканасына алдын ала которулуп берилип, ал эми жеке курулуш ишканасы тарабынан курулуш иштери аткарылбай, мамлекетке 5 млн 728 миң 133 сомдук зыян келтирилгендиги аныкталды.

Бул факты боюнча Кочкор райондук прокуратурасы тарабынан Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу ишкананын жооптуу кызматкерлерине карата Кылмыш жаза кодексинин 337-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости