www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарында пара берүүгө шектелген адам кармалды, деп билдирди 6-августта Ленин РИИБдин басма сөз кызматы.
2-августта милицияга борбор калаанын 20 жаштагы тургуну кайрылган. Анын айтымында, ошол күнү эртең менен Арча-Бешик конушунда, Жайыл баатыр - Чортеков көчөлөрүнүн кесилишинде токтоп турган «Киа К5» автоунаасында таанышы зордуктоого аракет кылган.
Бул факт боюнча тергөөгө чейинки текшерүү башталган. Анын алкагында милиционерлер шектүү 1998-жылы туулган С.Т. экенин аныкташкан. Ал Ленин РИИБдин тергөө кызматына жеткирилген.
Сурак учурунда шектүү кылмыш ишин токтотуу үчүн милиция кызматкерине пара сунуштаган. Тергөөчү бул тууралуу жетекчилигине билдирип, 5-августта шектүү милиция кызматкерине акча берип жатканда кармалды.
Бул факт Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси (пара берүү) боюнча катталды. Шектүү убактылуу камакка алынып, тергөө жүрүп жатат.