www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Зимбабве Республикасынын Тышкы иштер жана эл аралык соода министрлигинин Туруктуу катчысы Альберт Рангаи Чимбинди баштаган делегация 8-сентябрда Кыргызстандын Улуттук тарых музейине барды.
Иш сапардын жүрүшүндө делегация мүчөлөрү Кыргызстандын тарыхынын маанилүү мезгилдерине арналган экспозициялар, ошондой эле кыргыз элинин материалдык жана руханий маданий мурастары менен таанышты.
Конокторго кыргыз элинин көп кылымдык тарыхын, каада-салттарын жана улуттук өзгөчөлүктөрүн чагылдырган тарыхый-маданий баалуулуктар көрсөтүлдү.
Экскурсия соңунда Альберт Рангаи Чимбинди музейдин Ардактуу коноктор китебине эстелик жазуу калтырып, жылуу кабыл алуу жана меймандостук үчүн ыраазычылык билдирди. Ал Кыргызстандын тарыхый жана маданий мурасына жогору баа берди.
Музейге баруу Зимбабве делегациясынын Кыргызстанга болгон расмий сапарынын маданий программасынын алкагында өтүп, эки өлкөнүн ортосундагы маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн көрсөттү.