www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Президенти А.Ш. Атамбаевге КАЙРЫЛУУ!
Урматтуу Алмазбек Шаршенович, сизге ачык жана туз кайрылууну туура чечтим. Анткени, сиз апрель-июнь окуяларынан кийин мамлекеттүүлүккө катуу доо кеткенин, өлкөбүздө бардык маселелерде, саясий-экономикалык жана социалдык, он жылдап чечиле турган туңгуюкка келгенин билип турасыз. Бирок, ошого карабастан республиканын жүгүн, элдин тагдырын өз колуңузга алдыңыз. Ачык айтыш керек, кандуу окуялардан кийин, мындай чечкиндүүлүккө баруу өзү, бир чети чоң эрдик, экинчи чети чоң жоопкерчилик , о.э. аягында алкыш ала турган кадам эмес экенин билсеңиз да, Кудай тарабынан Сизге тапшырылган жүктү көтөрүп келе жатасыз. Ошол жылдары Сиз үчүн, негизги маселе, мамлекеттүүлүктү сактап калыш керек эле.
Мен ошол жылдардагы саясаттын күбөсү, сиздин замандашыңыз, саясатчы катары объективдүү айтайын, көптөгөн саясатчылар, керек болсо УӨ айрым мүчөлөрү дагы Сизге жардам бергендин оордуна, "кана, көрөлүчү мамлекеттүүлүктү сактап кала алат бекен"-деген сын көз караш менен кайдыгер карап турушкан. Албетте, биринчи ирет биз элге рахмат айтышыбыз керек, баарына чыдап сизге, бизге ишеним арткан жана мамлекеттүүлүгүбүздү сактап калган.
Бирок Сиздин, өткөөл мезгилдин Президенти катары Р. Отунбаеванын, ЖК төрагасы А. Келдибековдун, Парламенттин, Өкмөттүн эмгектери эбегейсиз. Акыйкаттык үчүн, мен бул чындыкты бүгүн айтып коёюн. Ошондой коопту жылдарды баштан өткөрдүк, элибиз жана Сиз менен бирге. Ийгиликтер да болду, ошону менен бирге чечилбеген көптөгөн маселелер топтолуп калды. Тынчтык, эл арасында ынтымак болсо, ал маселелер да чечилээр.
Бирок, тилекке каршы, кийинки мезгилде болуп жаткан саясий кырдаал баарыбызды ойго салып жатат. Кандай жоготуулар, кан төгүлүүлөр, татаал жолдор менен сактап калган мамлекетибиздеги тынчтыкты, күчтүү саясатчыларды камакка алуудагы, күч органдары тарабынан одоно мыйзам бузуу менен коштолуп жатканы. Ө.Текебаевди, С. Жапаровду чакыруу барагы менен, чакырышса туура болмок.
Мындан ары, мындай мыйзам бузууларга жол берилбеши зарыл, о.э митингте элге күч колдонуу көздүн карегиндей сактап келе жаткан тынчтыгыбызды бузууга түрткү берип жатканы ачуу чындык. Ал эми С. Жапаровдун жаш балдарын, көптөгөн атуулдарды ур-токмокко алынышы, бул чектен чыккандык.
Бир үй-бүлөөдөн бешөөнү камоо, мен ойлойм аша чапкандык. Ушул акылга сыйбаган, көрүнүштөргө биринчи иретте азыркы учурда Сиз катуу кайгырып жатсаңыз керек. Чындыкты айтсам, элиңиз катуу кайгырып жатат... Себеби, сиз боорукерсиз, бул сөздү мен үчүнчү жолу айтышым. Канчалаган бей-бечараларга, биздин эле Фондтогу оорукчан балдарга жардам бергениңизди алар эч качан унутпайт.
Ошондой оор жылдарды башынызданөткөрүп, элибизге түйшүк алып келбестен, мыйзам жолунда бийликти өткөрүп берүүнү көздөп жатасыз. Анда, сиз тандаган жол менен баралы, мен бүт саясатчыларды чакырып кетет элем "өч алуу айлампасына" өлкөбүздү дуушар кылбай. Келгиле, баарыбыз мамлекеттин, элдин тагдырын ойлойлу.
Урматтуу Алмазбек Шаршенович, кайрылуумун себептери ушулар, бирок суранычым Садыр Жапаровдун 2 баласына, 2 инисине эркиндик бериңиздер. Убагында бийликтин запкысын Сиздин үй-бүлөңүздүн мүчөлөрү көргөн. Сиздин бийлигиңиздин учурунда мындай көрүнүш кайталанбаш керек... Элиңизге кылган эмгектериңизди, "бөрк ал десе- баш алгандар" сел келгендей жууп коюсуна жол бербеңиз. Балада эмне күнөө, баарыбыз бала деп жашап келебиз, бала гана бардык кыйынчылыктарды жеңүүдөгү негизги күчтү түзөт. Ошондуктан баарына чыдаса да, бир дагы ата-эне баласына келгенде чыдашы кыйын... Ошондуктан эч ким Курманжан Даткадай боло албайт...
Сизди урматтоо менен Курманжан Датка фондунун негиздөөчүсү, " Аалам" саясий партиясынын тенторагасы Жылдызкан Джолдошова
Булак: NazarNews.kg