www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Финполдун кызматкерлери "жийиркенбестен" корруциялык схема" менен күрөш жүргүзө баштады”, -деген пикирин мурдагы депутат Жылдызкан Жолдошева билдирди.
--Урматтуу мекендештер! Биздин өлкөдө коррупция эле эмес, контрабанда козу карындай жайнап кеткенине күбө болдум. Эгерде ЭККМКа (Финпол) чындап күрөшкөндө, азыркы учурда мамлекетибиз "тыйын" эсептебестен, башка өлкөлөрдөн "кайыр", "жардам" сурабастан, татыктуу жашоо турмушун өткөрөт болчу. Коронавирус эпимедемиясы жүрүп жаткан учур, мамлекетибиз, элибиз кыйналып турган абалда турганда, айрым Финполдун кызматкерлери " жийиркенбестен" корруциялык схема" менен өз кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып контрабандисттерге "кол кабыш" кылганы, мени абдан өкүндүрдү... ачуум абдан келди...
Андай кызматкерлер-"эл душманы" катары кабыл алынып, мыйзам ченеминде жазасын алышы абзел. Мына ушундай факты боюнча, мен бүгүн КР Башкы Прокурору Ө.А.Жамшитовко, УКМКнын төрагасы О.Н.Опумбаевке кат жолдодум.
Эртең, КР Президенти С. Ш. Жээнбековко жөнөтөм (Президентке менин катым жетет деп ишенип турайын) анткени, Президент 02.03.2020 жылы мени менен жолукканда:"коррупцияга, контрабандага, о.э. Сот, Прокуратура, күч жана фискалдык органдардагы коррупцияга малынгандарды аябай турганын" ачык айткан. Ошондуктан, урматтуу Сооронбай Шарипович, Сот бийлигинде, Башкы Прокуратурада, фискалдык жана күч органдарында иштеген "колу, абийири таза эмес" кызматкерлерди түп тамырынан тазалоо учуру келди окшойт...
Бул иш кандай жүрүп жатканы боюнча коомчулукка маалымат берип турам, о.э. контрабандага каршы мыйзам чениминде күрөшүү ар бирибиздин атуулдук милдетибиз. Контрабанда, коррупциядан да коркунучтуу илдет, анткени бир ууч контрабандисттер байыса, калың катмар эл кедейликке кабылат...ошону унутпасак, - деп билдирди Жылдызкан Жолдошева.
Булак: NazarNews.kg