www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Төлөмүш Океев атындагы «Кыргызфильм» улуттук киностудиясы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн негиздөөчүлөрүнүн бири, мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановго арналган «Жусуп» аттуу толук метраждуу тарыхый-драмалык тасманы тартты.
Фильмде XX кылымдын биринчи жарымындагы окуялар баяндалып, Жусуп Абдрахмановдун кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөдөгү орду жана элине, мекенине болгон кызматы чагылдырылат.
Тасмадагы тарыхый доорду так берүү үчүн тартуу иштери Кыргызстан, Россия, Казакстан жана Өзбекстандын аймактарында жүргүзүлгөн.
Фильмдин режиссёру — Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген маданият ишмери Таалайбек Кулмендеев. Долбоор «Кыргызфильм» киностудиясы тарабынан Кинематография департаментинин колдоосу менен ишке ашырылууда.
«Жусуп» тасмасынын улуттук бет ачары 2026-жылдын 25-августуна белгиленди. Премьера Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына, Кыргыз АССРинин түзүлгөнүнүн 100 жылдыгына жана Жусуп Абдрахмановдун 125 жылдыгына арналат.