www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте өткөн Кыргыз-Өзбек бизнес-форумунда жалпы суммасы 800 миллион долларга жакын 14 меморандум жана келишимге кол коюлары белгилүү болду.
Улуттук инвестиция агенттигинин жетекчиси Равшан Сабировдун айтымында, учурда эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүү 1,2 миллиард долларды түзөт. Кыргызстанда 30дан ашык биргелешкен ишкана иштеп, аларга 80 миллион доллардан ашык инвестиция тартылган.
Тараптар алдыдагы мезгилде соода жүгүртүүнү жана биргелешкен инвестициялык долбоорлордун көлөмүн 2 миллиард долларга жеткирүүнү максат кылууда.