www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белгилүү журналист Тынчтык Алтымышев кыргызды түндүк-түштүккө бөлгөндөрдү элден чыгаруу демилге кылды.

Акыркы убакта социалдык түйүндөрдө жана айрым гезиттерде "түндүк-түштүк" ажырымын күчөтүп, элдин ортосуна бүлүк салууга максатталган материалдар атайын таратылып жатат. Аларга каршы чара көрүү тууралуу журналист мындай чакырык таштаган:

"Достор! Вотсап аркылуу эң ыплас, элди экиге бөлгөн мазмундагы аудиолор тарап жатат. Мага укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жөнөтүп издеп жатканын билдиришти. Аны угуп мага бир ой келди. Элдин бүтүндүгү, өлкө тынчтыгы, мамлекеттин күчтүүлүгү, жаркын келечек үчүн трайбалисттерди коомчулук өзүбүз ортого алып, эгер кимде ким ушундай чакырыктарды, келжирек кептерди чыгарса жашырып-жаппай, досум, таанышым эле дебей, аттарын айтып, ашкерелеп турбайлыбы?!

Флешмоб өткөрүп, жети дубандын жаштары, активисттери ынтымак шерине өткөрүп, спорттук иш чара уюштуруп, ниети бузуктардын тилегин таш каптырсак кантет?

Бул жагынан алганда, кыргыздын санжырасы, урук-тууган, тамыр тартуу да жакшы экен.

Мисалы, чериктер Өзгөндө, Атбашыда, Аксыда да бар, тейиттер Нарында, Көлдө жашап жатышат, саяктар болсо кокту сайын кочурайт дегендей. Эң башкысы бул-соцтүйүндөр аркылуу ичи чирүүнү токтотолу. Кумалактарды кулактан кармап эл алдына алып чыгалы! Кимде кандай сунуш бар?",-дейт Т.Алтымышев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости