www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Аз күн мурда КСДПдан депутат Төрөбай Зулпукаров кызы Айжамалды турмушка узатып, дүңгүрөтө той берди. Тойдо президенттин үкасы Асылбек Жээнбеков, премьер-министр Мухамметкалый Абылгазиев, спикер Дастан Жумабеков, КСДП фракция лидери Иса Өмүркулов ж.б. лөктөр катышып, шаң-салтанат менен катуу дуулдашты.
Депутаттын кызы бактылуу болсун! Биз дагы тилекгешпиз...Бирок, медалдын экинчи бети да бар эмеспи. Молдо Төрө ырчы-чоорчулар менен шаң-салтанат уюштурганы кандай? Же «жаңы шарыят» боюнча баары боло береби?..
Дагы бир кызыгы, соңку убакта Асылбек Жээнбековдун оң колуна айланып алып, Зулпукаров кадр саясатын чечип атканын танып кетеби? Оштун мэрине «диплому жасалма» делген Таалайбек Сарыбашевди дайындатканы тар чөйрөдө уу-дуу кепке айланды.
Бизнес долбоорлорун да тейлей баштаганы жакында ачыкталабы? Айтор, Алмазбек Атамбаевдин доорунда «Серый кардинал» Икрам Илмиянов болсо, эми Төрөбай төргө өтүп, Жээнбековдорду жаманатты кылуу менен жең ичинен саясатын жүргүзө берсе, аягы жакшылык менен бүтпөйт го? Кичине арыдан бери болуп, окуган намазын сыйлап, ак жүрсө болбойт беле?..
Булак: АЗИЯньюс