www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эң чырлуу тармак милиция болуп калганы бекерден эмес. Анткени коопсуздукту сактоого милдеттендирилген жерде ак менен кара дайыма жанаша жүрөт. Агыраагы көбүрөөк болсо деле кичине эле кара көлөкө түшсө бакырып жатып калабыз. Биздин көзүбүз дайыма тескери учкан жагалмайга келип сайыла берет.
А чынында мамлекетте милиция тармагы болбосо эмне деген каран күн башыбызга түшмөк? Ошондо бандиттер чаламандын чак түшүндө элди кокуйлатмак. “Кызыл шапкечендер” бар үчүн кандай болгон күндө да ээн-эркин басып жүрөбүз. Ал эми тентек милисаларды мурдагыдай эркелетпей тез эле жолуна салганы боюнча фактылар толтура.
Өткөн жумада кадрлык өзгөрүүлөр болуп өттү. Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгына полковник Канат Жумагазиевди алып келгени туура болду. Анткени ал бул жердин аки-чүкүсүн жакындан билет. Анын үстүнө бул мырза түндүктөн түшүп келген кадр эмес. Ошондуктан алдын-ала эле чуру-чууга түшпөй убакыт берип, анан сынга алсак адилеттүү болот. Тажрыйбасы мол жетекчи оболу шаардыктардын талылуу маселесин жолго салууга аракетин чегеререрине ишеним чоң. Кыскасын айтканда К. Жумагазиев иштин көзүн билген, адал менен арамды иликтөөгө акылы жеткен кадр экенинен күмөн санабайбыз.
Булак: "Ачык сөз"