www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ЖОЖдорго кабыл алуу 13-июлда башталат

Кыргызстандагы жогорку окуу жайларга 2026–2027-окуу жылына абитуриенттерди кабыл алуу 13-июлда башталат. Бул тууралуу Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, кабыл алуу өнөктүгү беш негизги тур менен өткөрүлөт:
биринчи тур — 13-июлдан;
экинчи тур — 20-июлдан;
үчүнчү тур — 27-июлдан;
төртүнчү тур — 3-августтан;
бешинчи тур — 10-августтан башталат.

Ар бир турдун жүрүшүндө абитуриенттерди каттоо, окууга сунушталган талапкерлердин тизмесин жарыялоо жана алардын тандалган окуу жайында билим алууга макулдугун ырастоо иштери жүргүзүлөт.

Эгер бешинчи турдан кийин бош орундар калса, 22-августка чейин рейтингдик тизмелердин негизинде кошумча кабыл алуу уюштурулат.

Документтерди тапшыруу жана конкурстук тандоого катышуу «Абитуриент Онлайн» платформасы аркылуу онлайн форматта жүргүзүлөт.

Жогорку окуу жайларга кабыл алуу Жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) жыйынтыгынын негизинде ишке ашырылат.

Последние новости