www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Египет пирамидалары тууралуу сөз болгондо көбү Гизадагы атактуу үч пирамиданы эстейт. Бирок бул өлкөдө ар кыл доорлордо курулган 300гө жакын пирамида бар. Алардын ичинен эң өзгөчө жана табышмактуусу – Саккарада жайгашкан Жосер пирамидасы.

Б.з.ч. болжол менен 2650-жылы курулган бул эстелик Египет тарыхындагы алгачкы тепкичтүү пирамида болуп саналат. Анын автору атактуу архитектор Имхотеп экени айтылат. Башында жөнөкөй мастаба (байыркы Египеттеги кадимки көрүстөн курулушу, негизинен падышаларга эмес, ак сөөктөргө жана жогорку даражалуу адамдарга арналган) катары курулган имарат кийинчерээк төрт, андан соң алты тепкичтүү формага жеткирилген.

Пирамиданын бийиктиги 60 метрге, пайдубалы 125×115 метрге жетет. Кызыгы, ал миңдеген жылдар бою кум алдында калып, башка пирамидаларга салыштырмалуу жакшы сакталган.
Жосер пирамидасынын эң таң калычтуу жери – 30 метр тереңдиктеги тик шахта. Анын түбүндө ири таш блоктордон курулган көмүү камерасы жайгашкан. Мындай ыкма Египетте сейрек колдонулган. Айрым окумуштуулар муну каракчылардан коргонуу десе, башкалары анын белгисиз символдук же техникалык мааниси бар деп эсептешет.

Шахтанын дубалдары бир кезде Ливандан алынып келген кедр жыгачтары менен бекемделгени да байыркы инженердик ой жүгүртүүнүн жогорку деңгээлин көрсөтөт.
Пирамиданын астында 3 чакырымга созулган туннелдер жана камералар системасы бар. Бул лабиринт эмне максатта курулганы бүгүнкү күнгө чейин так аныкталган эмес. Айрымдар аны падышанын үй-бүлөсү үчүн некрополь (байыркы замандарда колдонулган чоң көрүстөндөр комплекси, башкача айтканда, өлгөндөр шаары) десе, башкалар желдетүү же ырым-жырымдык максатта колдонулган деп болжолдошот.

Бул курулушка технологиялардын табышмагы катары да баш катыргандар арбын. Сырткы дубалдар так жана тыкан иштелсе, ички бөлүктөрүндө ири, одоно таштар колдонулган. Бул пирамиданын ар кайсы этапта, ар башка ыкма менен курулганын айгинелейт. Айрым изилдөөчүлөр аны жөн гана көрүстөн эмес, атайын техникалык курулуш болушу мүмкүн деп да божомолдошот.

Жосер пирамидасы – Египеттеги биринчи ири таш курулуштан курулган, терең шахтасы бар, жападан жалгыз жер алдындагы эң ири комплекстердин бирине ээ пирамида болуп эсептелет. Бул пирамиданын дагы бир өзгөчөлүгү, байыркы Египеттин инженердик, руханий жана маданий сырларын өзүндө каткан уникалдуу эстелик катары саналат. Балким, анын эң башкы табышмактары али да Саккаранын кумдарынын астында жашыруун бойдон кала берүүдө.

Белгилей кетчү жагдай, 2022-жылы анын жанынан табылган байыркы мүрзөлөр Саккарада чоң некрополь болгонун дагы бир ирет тастыктады.
