www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2025-жылдын 15-декабрында Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө 1990-жылы туулган М.М. аттуу жергиликтүү тургун арыз менен кайрылган. Анда белгисиз адам ошол эле күнү Жайыл районунун Калинино айылындагы Э. Алыбаев көчөсүндө жайгашкан үйүнүн жанында токтоп турган жашыл түстөгү «Mazda 121» үлгүсүндөгү автоунаасын айдап кетип, окуя болгон жерден из жашыргандыгы көрсөтүлгөн.
Бул факт катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренеси (автомототранспорт каражаттарын айдап качуу) боюнча кылмыш иши козголгон.
Аталган факт боюнча милиция кызматкерлерине ыкчам багыттама берилип, жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кара-Балта шаарынын Сосновка бурулушунан аталган автоунаа аныкталган. Унааны 2004-жылы туулган А.А. аттуу жаран башкарып бара жаткан учурда кармалган.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, шектүү А.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүүнүн айдап качуу фактысына чейин Калинино айылында жасалган эки уурулукка тиешеси бар экендиги да аныкталган. Жабырлануучулардын арыздарынын негизинде бул фактылар катталып, алар боюнча дагы кылмыш иштери козголду.
Учурда тергөө иштери улантылууда.