www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жолдошова менен Кадыралиева мандатсыз калышты

Оштогу №8 жана №9 шайлоо округдарында айрым участоктордогу добуштардын жокко чыгарылышы күтүлбөгөндөй мандат алмашууга алып келип, коомдо чоң талкуу жаратты. Добуштары көп болгон Жылдызкан Жолдошова менен Ыргал Кадыралиева мандатсыз калып, алардын ордун Нуржамал Төрөбекова жана Жылдыз Эгенбердиева ээледи.

Жолдошова белгилегендей Төрөбекованын БШК төрагасы менен туугандык байланышы, Кадыралиеванын айтымында арыз түшпөгөн участоктордун да жокко чыгарылышы шайлоонун адилеттүүлүгүнө болгон ишенимди солгундатып, БШКнын чечимдеринин легитимдүүлүгү боюнча суроо жаратты. Эксперттер мындай маанилүү маселелер сот тарабынан далилдениши керектигин белгилеп, комиссиянын өз алдынча чечимдери шайлоо процесси боюнча күмөн ой жаратканын айтышты.

Бул окуя Кыргызстандагы шайлоолордо ачык-айкындык маселеси дагы эле чечиле элек экенин көрсөттү.

Последние новости